Муктаждарга жардам берген бет капчан киши өмүр бою ким экенин айтпаарын билдирди

Муктаж болгон адамдарга бет кап тагынып алып жардам берген адам өмүрүнүн акырына чейин ким экенин ачыктабай турганын айтты.

Казакстандын Halyq Uni басылмасына берген маегинде ал айрымдар казак ырчысы Димаш Кудайбергенге окшоштуруп жатышканын, бул боюнча эч нерсе айта албасын билдирди.

"Мен Димашмын же Димаш эмесмин деп айта албайм. Бул боюнча эч нерсе айта албайм", - деген ал.

Өзүнүн айтымында, муктаж болгондор ага кат жазып, жардам сурашат. Ал тургай ар бир аймакта маалымат берген ыктыярчылар бар.

"Жардам сурап кайрылгандардын көбү карызы бар адамдар. Калктын каржылык сабаттуулугу төмөн, буга көңүл бурушубуз керек. Албетте, жашоодо ар кандай жагдайлар, тагдырлар болот. Өмүр бою маска менен көз айнегимди чечпейм. Мен эч качан ким экенимди айтпайм", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан