Акылбек Жапаров улуттук курама команданы көчмөндөр оюндарына узатты 

Бүгүн, 6-сентябрь өкмөт башчы Акылбек Жапаров V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Бүгүн биз спортчуларыбызды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына – дүйнө элдеринин салттарын, маданиятын жана спорттук демин бириктирген иш-чарага узатып жатабыз. Бул оюндар дүйнөгө рухтун күчүн, биримдикти жана тарыхый тамырларды сыйлоону көрсөтүү үчүн салт менен заманбаптык жолугушкан уникалдуу аянтча болуп саналат. Ушул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу уюштурган биз экенибизди сыймыктануу менен айткым келет. Футболдун мекени Англия, хоккейдин мекени Канада деп ошол өлкөлөрдүн жарандары дайыма сыймыктануу менен айтышат жана дагы кылымдар бою мындай сыймыктануу улана берет. Биз дагы көчмөндөр оюндарынын автору катары сыймыктансак болот”, - деген Жапаров.

Акылбек Жапаров спортчуларды узатып жатып, кыргыз жаштарына ак тилегин билдирип, белгилүү акын Байдылда Сарногоевдин ырынан үзүндү окуду:

“Чоку болот тоолордун бийик жери,

Чокудай бол, кыргыздын жигиттери.

Чок кармаган кол менен баатыр бол деп

Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени”.

Ошондой эле өкмөт башчы курама команданын капитаны Мирлан уулу Бактиярга өлкөнүн туусун тапшырып, спортчуларга алдыдагы мелдештерде чоң ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Казакстандын Астана шаарында V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, ал эми 2022-жылы Түркияда өткөн. 2026-жылы Өзбекстанда өтө турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан