Бишкекте жол инспекторлоруна баш ийбеген айдоочу кармалды

Бишкекте жол инспекторлоруна баш ийбей качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан бүгүн, 6-сентябрда билдиришти.
Билдирмеге ылайык, окуя 3-сентябрда саат 22:30 чамасында болгон. Анда инспекторлор Махатма Ганди көчөсүнөн шек жараткан Ниссан Примера унаасын токтотушканда айдоочу токтобостон кетип калган.
Аталган унаа Махатма Ганди менен Сокулук-Кант айланма жолу кесилишинде май куючу жайдан токтотулган.
"Айдоочуну текшерүүгө алган учурда айдоочу жана анын жүргүнчүсү экөө кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен активдүү каршылык көргөзүп күч колдонушуп, кызматкердин камерасын жана пагонун жулуп алган.

Кызматкерлер мыйзамга ылайык, кара күч колдонуп кармашкан. Айдоочуну жана жүргүнчүнү медициналык текшерүүдөн өткөрүүдө мас абалында экендиги аныкталып, Биринчи май РИИБине жеткирилген", - деп билдиришти мекемеден.
Айдоочуга карата айып протоколу толтурулуп, унаасы айып короого токтотулду. Ал эми жүргүнчү Биринчи май райондук сотунун токтомуна ылайык үч суткага камакка алынды.

06.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан