Орусия Бишкектин талибдерди террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечимине тилектеш. Анткени Кыргызстан менен Ооганстан кошуна мамлекеттер. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.
Ал белгилегендей, Кыргызстан географиялык жактан Ооганстанга абдан жакын. Ошондуктан коңшулар үчүн өлкөнүн бийликтери менен иш жүзүндө мамиле түзүү абдан маанилүү. Ансыз мамлекеттердин ортосунда эч кандай байланыштарды түзүү мүмкүн эмес деген корутундуга келишкен.
"Биз бул кырдаалды түшүнүп, сунушту туура кабыл алабыз", - деди орус президентинин басма сөз катчысы.