“Сенин да ишиң түшөт” деп инспекторду коркуткан айдоочу кечирим сурады. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Кайгуул милициясынан билдиришти.
Кайгуул милициясы жүктөгөн видеодо айдоочу айып пулду укканда ачууланганын айтып кечирим сурады.
"МАИ кызматкери 20 миң сомдук протокол түзгөндө бир аз ачууланып, эмоцияга алдырып, туура эмес сүйлөп алдым. Ошол үчүн кызматкерден жана окуя үчүн кечирим сурайм.
Мен мыйзамды сыйлайм жана мыйзам менен жашайм. Мен тонировкага уруксат алдым”, — деген ал.
Анда BMW X7 унаасынын айдоочусу терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн токтотулган. Ал инспектор Мирлан Таалайбековдон видеого тартпоону суранган.
Анда ал инспекторду: "Айланып келип колго түшүп калсаңар, өлөсүңөр го дейм. Жер тологок. Сенин да бизге ишиң түшөт”, - деп коркуткан.