Маданият министринин орун басарлары алмашты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары жана биринчи орун басары алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Ажымалиев Тимурлан Максатбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Ал эми Эсенгул уулу Чыңгыз мурдагы кызматынан бошотулуп, министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан