Александр Масляковдун өлүмүнүн себеби белгилүү болду

КВНдин негиздөөчүсү Александр Масляковдун өлүмүнө өпкө рагы себеп болгон. Алып баруучуда операцияга болбой турган шишик бар болгонун SHOT Телеграм каналы жазды.

Сегиз ай мурун дарыгерлер мындан ары дарылоо жардам бербей турганын айтышкан.

"Акыркы алты ай ичинде Александр Васильевичтин абалы абдан начарлап, сүйлөй албай, дем алуусу кыйын болгон. Кырдаал коронавирустун кесепеттери менен татаалдашкан, тагыраагы, алып баруучу эки жолу коронавирус жуктуруп алган. Акыркы убактарда ал гольф арабасы менен саякаттап жүргөн", - деп жазды аталган Телеграм канал.

Александр Масляков каза болгонго чейин Москвадагы ооруканалардын биринин паллиативдик жардам бөлүмүндө жаткан. Ал журналисттер менен көптөн бери байланышпай, бардык убактысын үй-бүлөсү менен өткөргөн.

8-сентябрь күнү кечинде КВНдин легендарлуу телеалпаруучусу Александр Масляков 83 жашында дүйнөдөн кайтканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан