Дүйнөдөгү эң алгачкы триллионер ким болору болжолдуу айтылды

Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск 2027-жылы дүйнөдөгү биринчи триллионер болушу мүмкүн. Бул тууралуу The Guardian басылмасы иликтеп чыгып жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, Илон Масктын байлыгы жылына орто эсеп менен 110 пайызга өсүп жатат. Эгер анын байлыгы ушундай темп менен улана берсе, ишкер 2027-жылы дүйнөдөгү алгачкы триллионер болот.

Андан кийин индиялык ишкер Гаутам Адани бул макамга ээ болушу мүмкүн. Эгерде анын байлыгынын жылдык өсүү темпи 123 пайыз болсо, ал бул макамга 2028-жылы ээ болот.

53 жаштагы Илон Маск учурда дүйнөдөгү эң бай адам. Анын байлыгы 235 миллиард долларга бааланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан