Бүгүн, 9-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк сулуулук күнү. Бул күн 1995-жылдан бери жыл сайын көптөгөн өлкөлөрдө белгиленип келет. Сулуулук күнү "CIDESCO" Эл аралык эстетика жана косметология комитетинин демилгеси менен киргизилген. Аны чачтарачтар, косметологдор, стилисттер, визажисттер, пластикалык хирургдар, негизи эле сулуулук чөйрөсүндө жүргөн адистер белгилешет.
Бул күндүн жаралуу тарыхы
Дүйнөдөгү эң белгилүү "Max Factor" косметика дүкөнүнүн негиздөөчүсү Макс Фактор 1985-жылы 9-сентябрда эң алгачкы косметика каражаттарын саткан дүкөн ачкан. Ал жерде бетке крем, атыр жана чачка керектелүүчү буюмдар болгон. "Макс Фактор" дүкөнүндө саткан кремдерди өзү жасап, аялдарга өзүндөгү кемчиликтерди кантип жапса болорун үйрөтө баштаган. Ал улуту боюнча еврей, бирок ошол кезде Орусия империясынын курамында эле. Бир күнү императордук театрдын группасы гастролго келип, андагы актёрлор сатып алган косметикаларды аябай жактырышат. Ошентип ал падышасынын ордосунда жана императордук театрларда гримёр болуп иштеп калат.
Ал эми 1904-жылы Макс Фактор жубайы менен Америкага келип, ал жерде косметика саткан дүкөн ачышат. Америкада дагы аты чыгып, ал жердеги жылдыздарды сулуулап баштаган. 1920-жылы Макс Фактор кино индустриясынын жылдыздарынын макияжынын үстүндө иштеп жатып, беттеги түстөрдүн айкалышын ойлоп тапкан. Ал ошентип айымдарды теринин өңүнө, чачтын жана көздүн түсүнө жараша боёнтуп баштаган.
Ошентип тарыхта косметика жаратуучу катары аты калганы үчүн 9-сентябрь анын алгачкы дүкөнү ачылган күндү сулуулук күнү деп белгилешкен.
Бул күндү белгилөөнүн максаты
Бул майрам жашоодогу бардык кооз нерселерге: жаратылышка, жаныбарларга, адамдарга жана эң башкысы аялдардын сулуулугуна арналган күн. Ошондуктан көптөгөн өлкөлөрдө сулуулар сынагы 9-сентябрда дал ушул күнү өткөрүлөт.
Ал эми бул күндү белгилөөнүн негизги максаты – аялдардын өзүнө кам көрүүсү. Ар бир аял үйдөгү тиричилик, түйшүктү артка таштап, эс алып, өзүнүн сулуулугуна, инсандык өнүгүүсүнө салым кошо турган күн.
Бул күндү майрамдап келген көптөгөн өлкөлөрдө, дал ушул күнү аялдарга арналган ар кандай оюн-зооктор, боёно турган каражаттардын көргөзмөлөрү, акысыз макияждар жана ар кандай арзандаттуулар уюштурулат.