Ошто үй алып берем деп 40 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-августта милицияга Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал былтыр ноябрь айында Акрам аттуу жигит үй алып берүүнү убадалап 40 миң доллар алганын, кийин ал убадасын аткарбастан из жашырып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1994-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан