Эртең, 10-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан жана Өзбекстандын улуттук курама командаларынын беттеши орун алат.
Бишкек ШИИББи бул күнү 3 миңге жакын милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздай турганын билдирди.
Ага ылайык, беттеш эртең саат 20:00дө башталат.
Милиция жарандардан беттешке убагында келүүнү суранып, таштанды таштабоону эскертти.