Кыргызстандык эгиз бийчилер Париждеги мелдеште жарым финалга чыгышты 

Кыргызстандык эгиз бийчилер Өмүр менен Эмир Асанбековдор Парижде өтүп жаткан "Fusion Concept" заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпиондугунда жарым финалга чыгышты. Бул тууралуу алардын кесиптеши Жан Воинов билдирди.

Анын айтымында, аталган турнирге бир туугандар катышып, Кыргызстандын атын эл аралык аренада көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

"Кыргызстандыктар дүйнөнүн эң күчтүү бийчилери менен күч сынашып, жарым финалга чыгышты. Алардын өзгөчө бийи калыстарды, көрүүчүлөрдү да кайдыгер калтырган жок. Бул турнирге катышып, алар Кыргызстандын атын эл аралык аренада көрсөтө алды", - деген Воинов.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында Бишкекте "Fusion Concept Qualifier Kyrgyzstan 2024" эл аралык бий турнири болуп өткөн эле.

Кыргызстандык эгиз бийчилер Парижде өтүп жаткан мелдеште жарым финалга чыгышты 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан