Латвиянын Коргоо министрлиги 8-сентябрда Беларусь тараптан учуп келген Орусиянын бир учкучсуз учагы өлкөнүн чыгышындагы Резекне аймагына кулап түшкөнүн билдирди.
Министрлик пилотсуз учактын өлкөнүн аба мейкиндигине түндө учканын, Орусиянын 55 чакырымдай батышында жана Беларустан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан 25 миңдей калкы бар Резекне шаарына жакын жерде кулаганын билдирди.
"Бул жагдай Латвиянын чыгыш чек арасын бекемдөө, анын ичинде абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча баштаган ишти улантышыбыз керектигин тастыктап турат", - деди коргоо министри Андрис Спрудс.