Вьетнамдагы тайфундан 24 киши каза болуп, 300гө жакын жаран жаракат алды

Вьетнамдын түндүк-чыгыш жээктерин каптаган "Яги" тайфунунан 24 киши каза болуп, 299 жаран жарадар болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, быйыл Азиядагы эң күчтүү деп эсептелген тайфун жер көчкү жана суу ташкындарына алып келип, Куангнинь жана Хайфон провинциялары электр жарыксыз жана байланышсыз калган.

Метеорологдор акыркы 24 саат жааган катуу жаандан улам жаратылыш кырсыктары кайталанышы мүмкүн экендигин айтышкан.

Бийлик Лангшон, Као Банг, Йен Бай жана Тхай Нгуен провинцияларындагы абалга мониторинг жүргүзүүгө басым жасоодо, анткени бул аймактарда сел жана жер көчкү коркунучу жогору экендиги маалыматта белгиленген.

Буга чейин "Яги" тайфуну Кытайдын Хайнань аралында кеминде эки, Филиппинде 16 адамдын өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан