"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, 21 жаштан 63 жашка чейинки айдоочулар талап кылынат. Милдеттүү талап – “D” категориясы бар айдоочулук күбөлүк жана 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Мындан тышкары экономист талап кылынат. Ага коюлуучу талап – жогорку билими жөнүндө дипломунун болуусу зарыл.

Толук маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номуруна кайрылсаңыздар болот.