"Apple" компаниясы iPhone 16 телефонун көрсөттү

Америкалык "Apple" компаниясы 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү жаңы смартфондордун бет ачарын өткөрдү.

Иш-чарада көпчүлүк күткөн жаңы iPhone 16 уюлдук телефону көрсөтүлдү. Смартфондун iPhone 16, iPhone 16 Plus, iPhone 16 Pro жана iPhone 16 Pro Max үлгүлөрү болот.

Аталган смартфондун эң чоң негизги өзгөчөлүгү – камераларында. Гаджет төрт түстө болот жана буга чейинки үлгүлөргө караганда чоңураак жасалган. Ошондой эле iPhone 15те колдонулган A16 чипине караганда 40 пайызга ылдамыраак экени айтылат. Мындан сырткары бир нече өзгөчөлүктөр кошулган.

Ал эми iPhone 16 уюлдук телефону үлгүлөрүнө жана эс-тутумуна жараша 1000 доллардан 1500 долларга чейин бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан