
Өлкө аймагында соңку суткада 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул боюнча ӨКМдин бүгүн, 10-сентябрдагы маалыматында жазылат.
Билдирүүгө ылайык, Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду. Өрт кырсыгы катталган аймактар:
Бишкек шаарында – 3;
Ош облусунда – 4;
Чүй облусунда – 1;
Нарын облусунда – 1;
Талас облусунда – 2;
Баткен облусунда – 1.