Орус аскерлери Новогродовка жана Мемрикти бошотуп, Белоусов билдирүү жасады

Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов Донецктеги салгылашка катышып жаткан орус армиясынын бөлүктөрүнө куттуктоо телеграммаларын жөнөттү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин Telegram каналында кабарланды.

Белоусов жетишкендиктерди белгилеп, 30-мотоаткычтар бригадасы Донецктеги Новогродовка шаарын душмандан бошоткондугун айтты.

"Бүгүнкү күндө бригада борбордук күчтөрдүн тобунун курамында күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, душманды жок кылууда бөлүктүн кесипкөй жана чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында душман жоготууларга учурап, батыш тарапка чегинүүдө", - деди Белоусов.

Мындан тышкары Белоусов 1435-мотоаткычтар полкунун (штурмчулар) командачылыгы жана өздүк курамы Новогродовканы душмандан бошотууда мыкты болгонун айтып, куттуктоону жөнөткөн.

Ошондой эле Белоусовдун куттуктоосун 228-гвардиялык Ленинград-Павлов мотоаткычтар полкунун командачылыгы жана жеке составы да Донецктеги айылын душмандан бошоткондугуна байланыштуу куттуктоо телеграммасын алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан