"Айшенурдун каны жоопсуз калбайт!". Түрк лидери Эрдоган кайрылуу жасады

Президенттик комплексте өткөн Министрлер кабинетинин жабык жыйынынан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ички жана тышкы саясат маселелерин камтыган бир катар маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, сөздүн олуттуу бөлүгү Палестинадагы кырдаалга жана Израилдин аракеттерине арналды. Эрдоган айрыкча Аль-Акса мечитине байланыштуу Израилдин басып алуу саясатынын кеңейишине терең тынчсыздануусун билдирди.

"Израилдин өкмөтү басып алуу саясатын биздин биринчи кыбылабыз Аль-Акса мечитине чейин кеңейтүүнү көздөп жатат", - деди президент.

Ал Ислам кызматташтык уюмун бул маселени чечүү үчүн тез арада жетекчилик деңгээлинде жолугушууга чакырды.

Эрдоган өз сөзүндө түрк активисти Айшенурдун Израилдин коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө байланыштуу окуяга токтолду. Ал акыйкаттыкка жетээрин убада кылды.

"Кызыбыз Айшенурдун каны жоопсуз калбашы үчүн бардык мыйзамдуу кадамдарды жасайбыз жана Израил мамлекети менен күрөшүбүздү эң жогорку деңгээлде, ошондой эле Эл аралык сотко кайрылуу менен улантабыз", - деди түрк лидери.

Белгилей кетсек, 26 жаштагы Түркия жана АКШ жараны Айшенур Эзги Эйги 6-сентябрда Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Наблус шаарында Израилге каршы демонстрация учурунда израилдик снайпердин колунан каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан