Украина Орусияга баллистикалык ракеталарды жеткирүү ыктымалдыгы тууралуу кабарларга байланыштуу Иранга олуттуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, Ирандын Украинадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Шахрияр Амузегар Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ал эки тараптуу мамилелер үчүн мындай кадамдын “кыйратуучу жана орду толгус кесепеттери” тууралуу катуу эскертилди.
Эске салсак, буга чейин Wall Street Journal гезити Иран буга чейин жакын аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын Орусияга өткөрүп бергенин жазган. АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши ракетанын берилиши ыктымалдыгын Ирандын Орусиянын Украинага каршы согушун колдоосунун “драмалык эскалациясы” деп атады. Евробиримдик дагы Ирандын Орусияга баллистикалык ракеталарын өткөрүп бергени тууралуу маалымат алгандыгын ырастады.
Бул айыптоолорго карабастан Ирандын расмий позициясы өзгөрүүсүз калууда. Тегеран ракетаны өткөрүү боюнча айыптоолорду четке кагып, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал боюнча позициясы өзгөрбөгөнүн билдирди. Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Тегеран согуштук аракеттердин катышуучуларына аскердик жардам көрсөтүүнү адамгерчиликсиз деп эсептей турганын билдиришти.
Дипломаттар ошондой эле Иран мындай аракеттерден баш тартып эле тим болбостон, башка өлкөлөрдү жаңжалга катышкан тараптарга курал-жарак берүүнү токтотууга чакырып жатканын баса белгилешти.