Бүгүн, 10-сентябрь көптөгөн хит ырлардын ээси, ырчы, обончу Нурлан Насиптин туулган күнү. Ал бул жылы 34 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы мырзаны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.
"Бүгүнкү маанай эң сонун. Түндө чыгармачылыктагы агалар, инилер, досторум келип куттукташкан. Ошондон бери эфирлерде жүрөм.
Кайсы бир жылдары "Супер-Инфо" гезити туулган күнүмдө мени тамаша торго салган. Туулган күн тосуп жаткан жериме бандиттердин коштоосунда кирип келип, бизди коркутушту эле. Ага аябай көп жыл болду. Эң эсимде калган туулган күн ошол болуптур.
Бүгүн жакындарымдын да тойлору бар экен, ошол жактарга барам. Кечинде ата-энем, бир туугандарым менен бирге белгилейм", - деди Нурлан Насип.
Нурлан Насип Токтогул районундагы Терек-Суу айылында 1990-жылы 10-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттык аспаптар бөлүмүнө таршырган. Аталган окуу жайды 2010-жылы бүтүргөн.
Алгач сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан. Өзүнүн алгачкы жеке концертин 2011-жылы койгон. Ырчы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын төрт жолку ээси.
Нурлан беш бир туугандын төртүнчүсү, эки эжеси, бир байкеси жана бир карындашы бар. Учурда бир кыздын атасы.