Кызыл-Кыя шаарында эки кылмыш иши үчүн издөөгө алынган жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 22 жаштагы тургуну коомдук жайда 24 жаштагы жаранды эч себепсиз эле уруп, анын унаасынын алдыңкы айнегин сындырып, окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин ал Ноокат районунун 40 жаштагы тургунунун Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаасын сатып алып, акчасын бербестен изин жашырып кеткен.
Жогорудагы окуялардан кийин жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) жана 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
"Издөөдө жүргөн шектүү Бишкек шаарынан кармалып, алынып келинди. Учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.