Парижде өткөн Олимпиада оюндарында алтын байге уткан казакстандык дзюдочу Елдос Сметов “Тунги студия” программасында бала кезиндеги кыйын күндөрү тууралуу айтып берди.
Чемпион белгилегендей, ал жана анын үй-бүлөсү башынан өткөргөн бардык сыноолор ага азыр колунда болгондун баарын баалоого үйрөттү.
"Бала кезимде темир сатып, тапкан акчама нан сатып алчумун. 90-жылдардын аягы өлкөдөгү бардык адамдар үчүн оор мезгил болгон. Мен бул тууралуу эч качан айткан эмесмин. Адамдар менден эмне үчүн жылдыз оорусуна кабылбайсың деп көп сурашат. Жооп жөнөкөй, мен бала кезимдеги кыйынчылыктарды дайыма эстейм жана өзүмдү жылдыз деп эсептей албайм. Биз айылда жашачубуз, атам шаарга иштегени кетчү. Апам айылда калып, бир чыны ун үчүн башкалардын үйүн тазалачу. Биз ачка болуп жатканыбыздан ыйласак, апам бизди кучактап, өзү акырын ыйлап алчу. Ачка болуп ыйлаганыбызда уктатканга аракет кылчу. Бул кыйынчылыктарды азыр унутсам, бул менин акылсыздыгымдын белгиси болот. Бардык сыноолордон өттүк, алар мени менде болгон нерсенин баарын баалай билүүгө жана ата-энеме татыктуу жашоону камсыз кылууга умтулууга үйрөттү”, - деген Елдос Сметов.
Белгилей кетсек, алтын медаль алганы үчүн Елдос Сметовго мамлекет тарабынан 250 миң доллар сыйлык берилди. Мындан тышкары бир нече унаалар, демөөрчүлөрдөн батирлер берилген. Ошондой эле казакстандык ишкер алтын уткан Сметовго 100 жылкы убада кылган.
Елдос Сметов Казакстандын тарыхында дзюдо боюнча биринчи Олимпиада чемпиону.