Акмола облусунун тургуну ал бараткан жолго кичинекей учак кантип конуп калганын видеого тартып алган.
Видеонун автору мындай окуя Степногорск шаарында дачасына баратканда болгонун айткан.
Жолдо мындай адаттан тыш унаалардын пайда болушунун себеби азырынча белгисиз. Степногорск шаарынын тургуну учактын күйүүчү майы түгөнүп калганын болжолдогон.