Германияда күкүрт жана цинк азыктарын чыгарган Grillo-Werke AG химиялык заводу өрттөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Bild агенттигинин оперативдүү кызматтардагы булактарынын айтымында, бир адам жаракат алган. Өрттү өчүрүүгө 200дөн ашык өрт өчүрүүчү тартылган. Бийликтер уулуу түтүн жайылып кетүү коркунучунан улам жакынкы райондордун тургундарын терезелерин жабууга үндөдү.
Цинк жана күкүрт азыктарын чыгарууга адистешкен Grillo химиялык заводу Германиянын Дуйсбург шаарындагы Гамборн районунда жайгашкан.
Компаниянын басма сөз кызматы Bild басылмасына билдиргендей, өрт саат 16:20лар чамасында башталган. Окуянын күбөсүнө шилтеме берүү менен басылма болжол менен 10 мүнөттөн кийин эки күчтүү жардыруу угулганын жазат.