Чүйдүн Сокулук районунда 24 жаштагы келин төрөтканада көз жумду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады.
Айтымында, келин 7-сентябрда каза болгон.
"Келиндин экинчи төрөтү экен. Кесарево жолу менен төрөгөн. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат", - деди Асылбашева.