Боом капчыгайында башка айдоочунун жолун тосуп токтотуп, сүйлөшүүгө чакырган айдоочуга 30 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 8-сентябрь күңү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда болгон. Анда Спринтер унаасы менен Kia K7 унаасынын айдоочулары жол талаша кетишкен. Жыйынтыгында жеңил унаанын айдоочусу Спринтердин жолун тороп токтотуп, аны сүйлөшүүгө чакырган.
Мындан улам жеңил унаанын айдоочусуна укук бузуулар кодексинин негизинде 30 миң сом айып пул салынып, унаасы айып короого киргизилген.