Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө анын коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, эки суткага (48 саатка) УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Белгилей кетсек, буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И. жана декандын орун басары Д.у.Д. кармалган.
"УКМК өлкөнүн жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышына жол берилбестигин эскертет жана кыргыз жарандарын аталган тармактагы бардык коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүгө чакырат", - деп кошумчалашты УКМКдан.