Париждеги Олимпиадага катышкан спортчуну өрттөгөн жигити дагы каза болду

Париж Олимпиадасына марафондо чуркоо боюнча катышкан угандалык Ребекка Чептегеи аттуу спортчуга өрт койгон жигити Диксон Ндиема дагы каза болду. Бул тууралуу Кениянын Star газетасы жазды.

Спортчунун жигити сүйлөшкөн кызы каза болгон ошол эле Мои ооруканасында көз жумган. Ал денесинин 30 пайызынан күйүк алып, оор абалда ооруканада жаткан.

Ндиема жөө күлүк Ребекка Чептегеи менен пикир келишпестиктен кийин сүйүктүүсүнө бензин чачып, өрттөп ийген. Денесинен 75 пайыз күйүк алган спортчу 5-сентябрь күнү ооруканада каза болуп, анын жигити ошол эле ооруканада дарыланып жаткан.

Угандалык спортчу Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында марафондо чуркоо боюнча 44-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан