"Иркештам" көзөмөл-өткөрмө бекетинде бажычыларды сабаган 25 "ортомчу" кармалды (видео) 

УКМК тарабынан 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү “Иркештам” көзөмөл-өткөрүү пунктунда бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган 25 адам кармалды. Алар таасир үчүн күрөштө «Бажы инфраструктурасы» МИнин кызматкерлерин сабап салышкан. Бул тууралуу атайын кызматттын маалымат борбору кабарларды.
Маалымдалгандай, экономика тармактарындагы эффективдүүлүктү жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, жогоруда аталган жактар "Иркештам" алдын ала бажы процедурасы жерине карата бажы ишин монополиялаштырышкан жана Кытайдан Кыргызстанга импорттолуучу бардык товарларды көзөмөлгө алышып, аларды Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан “Каратай” Бажы тариздөөчү жерине чейин коштоону көзөмөлгө алышкан. Мындай аракет мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан.
Кол салуу фактысы боюнча УКМК 25 адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Маалымат үчүн: бажы кызматынын кызыкчылыктарына анын ишинин натыйжалуулугун жана бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу, чарбакер субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында,
Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №237 токтому менен Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдында «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.
Аталган МИ ишке киргизилгенден кийин, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана "ортомчулардын" ортосундагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, ошондой эле бажы жагындагы жол-жоболорго кошумча мамлекеттик контролду киргизүү аркылуу МИ өз алдынча бажы кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу функцияларын жөнгө сала баштады.
Деген менен, мындай демилге "ортомчулардын" ачык нааразычылыгын жаратты. Буга байланыштуу чагымчыл жаңжалдар уюштурулуп, бул "Бажы инфраструктурасы"мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабоого алып келди.
"Иркештам" көзөмөл-өткөрмө бекетинде бажычыларды сабаган 25 "ортомчу" кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан