Токмоктогу дүкөндөгү окуядан кийин кайгуул кызматкери жумуштан алынып, башчысына сөгүш берилди

Токмокто дүкөндөрдүн биринде банандар менен манипуляция кылган кайгуул кызматкери кызматынан бошотулду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, окуя 10-сентябрда орун алып, анын видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен. Кайгуул кызматкери бананды таразага тартып, аны таштап ордуна башка бананды алып чыгып кеткен.

Бул боюнча Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБ тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, окуяга тиешеси бар кызматкер аныкталып, жумуш ордунан бошотулган.

Ошондой эле, өзүнүн кыймыл-аракети менен кол алдындагы кызматкерлерге тарбиялык иштерин начар жүгүзүп, кызмат өтөөсүн жеткиликтүү деңгээлде көзөмөлдөбөгөнү үчүн анын башчысына “Сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан