Бишкектин тургунунун ири суммадагы акчага алдап кеткен жаран кармалды

Милиция кызматкерлери Бишкектин тургунунун жарым миллионго жакын акчасын алдап кеткен жаранды кармалы. Бул туурасындда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, арыз менен 24-августта бир жаран кайрылып, анда В. аттуу жарандарга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби 2023-жылдын жай мезгилинде жабырлануучуну алдоо жолу менен ишеничине кирип, тепкичтерди жана дубал панелдерин жасап берем деген шылтоо менен, 450 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, убадасын аткарбай изин жашырып кеткенин билидрген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1972-жылы туулган П.В. аттуу жаран аныкталып, кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан