
Өлкөнүн алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Астанда өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 7 медаль
жеңип алышты. Бул боюнча Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, кыргыз спортчулары 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло медаль алышкан.
Эркектер арасында алтын медаль алгандар:
- Баяман Абидинов (60 килограмм);
- Ирлан Казбек уулу (80 килограмм).
Коло медаль алган спортчулар:
- Калысбек Каюмов (70 килограмм)
- Азизхан Мусабек уулу (90 килограмм).
Кыз-келиндер арасында Нагира Сарбашева 75 килограммга чейинки салмакта алтын медалга ээ болду. Нурзат Бактыяр кызы 65 килограммга чейинки салмакта 2-орунду ээлесе, Динара Камчыбекова (70 килограммга чейин) коло медаль алды.
Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Абытовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.