Кечээ, 11-сентябрда Тажикстандын борбору Душанбе шаарындагы борбордук мечиттин жанында өлкөнүн муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода намаз окуп чыккандан кийин бычакталды. Бул Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, муфтийге намаз окуп чыгып келе жатканда кол салуу болгон. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү кармалды. Маалым болгондой, муфтий жеңил жаракат алып, аны дарыгерлер текшерип, андан соң үйүнө кетиришкен.
Саидмукаррам Абдукодирзода 61 жашта. Ал 2010-жылдын октябрынан бери Тажикстандын муфтийи болуп иштеп келет.