Москвадагы "Планета КВН" концерттик залында КВН программасын көп жылдар бою жетектеген Александр Масляков менен коштошуу зыйнаты өттү.
Теле алып баруучунун жаркын элесин эскерүү үчүн биринчилерден болуп Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст жана телепродюсер, Биринчи каналдын музыкалык жана оюн-зоок берүү дирекциясынын жетекчиси Юрий Аксюта келишти. Коштошуу аземине ошондой эле “Поле чудес” телепрограммасынын алып баруучусу жана көркөм жетекчиси Леонид Якубович, актёр жана режиссёр Константин Райкин, ТНТ каналынын директору Тина Канделаки жана башка көптөгөн көрүнүктүү адамдар катышты.
Леонид Якубович Александр Масляковду 57 жылдан бери тааный турганын жана бул убакыт аралыгында ал өзгөрбөгөнүн белгиледи.
"Рахмат сага, Санечка", - деди акырында Леонид Якубович.
Александр Масляков 8-сентябрь күнү кечинде 82 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Алып баруучу өпкө рагы менен жабыркап келгени, дарыгерлер мындан 8 ай мурун дарылоо мүмкүн эместигин айтканы белгилүү болгон.