SUPER KG порталынын бул жолку каарманы 66 жаштагы Нарынбек Акматов болду. Ал пенсиясынын бир бөлүгүн топтоп, Умра сапарына барууну көптөн бери кыялданып жүргөнүн айтты. Каарманыбыз үйүн инисине алдырып, Кант шаарындагы карылар үйүнө өзү келгенин жана эңсеген кыялдарын, башынан өткөргөн сыноолорун айтып берди.
Нарынбек Акматов 1959-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1976-79-жылдары Нарындагы Сельхоз техникумун аяктаган. 12 жыл мал дарыгери болуп эмгектенген. Анын эки уулу, бир кызы бар. Аялы балдарын алып Нарынбек атаны жалгыз таштап кетип калган.
"Жубайым таштап кетип калгандан кийин 8 жылдай бир үйдө жалгыз жашадым. Бир тууган иним ал үйдүн тех пасортун өзүнө каттатып мени кууп чыкты. Андан кийин атама бардым. Ал жактан атамдын колундагы келини жактырбай, ал жактан да кууп чыкты. Ар жакта жүрө бербейин деп өзүм арыз жазып карылар үйүнө келе бердим. Бул жакка келгениме 7 жыл болуп калды. 2017-жылдын апрель айында келгем. Бул жакта кароо аябай жакшы. Тамак-ашыбызды маал-маалы менен берет. Баарын убагында алмаштырышат", - дейт Нарынбек ата.
Ошондой эле ал балдары келип, кабар алып турарын айтты.
"Балдарым келип кабар алып турат. Көбүнчө улуу балам келет. Балдарымдын баары иштейт. Балдарыма таарынычым жок", - дейт каарманыбыз.
Мындан тышкары ал карылар үйүнө келгендердин көпчүлүгүн балдары таштап кеткенин айтып өттү.
"Бул жакка келгендердин көпчүлүгү келинене батпай, кээ бирлерин балдары алып келип таштап кетишкен. Балдары жок, аялы кайтыш болуп жалгыз калгандар да аргасыздан келишет. Кээде көзү өткөндөрдүн балдары алып кетишпейт. Ошол себептен сөөгү бул жакка коюлгандар да бар", - деп кошумчалады Нарынбек Акматов.
Каарманыбыз беш убак намаз окуп, көп жылдардан бери Алла жолунда жүргөнүн жана Умрага баруу анын эң чоң кыялдарынын бири, ал жакка барууга топтогон пенсиясы жетпей жатканын айтты.
"Мен кулап, башымдан жараат алып, 2-группадагы майып болуп калгам. Пенсияга чыккам. Бир аз пенсиямды топтодум. Пенсиямдын 3 миң сомун керегиме жаратсам, калган беш миң сомун Умрага баруу үчүн топтоп жатам. Ал топтогон пенсиям бир эле мага эмес, башкаларга да керектелет. Дагы 2 жылдай акча чогултушум керек экен. Ага чейин эле барсамбы деп ниеттендим эле. Ошого бир аз тыйын жетпей жатат. Сураганым ошол", - деп элден жардам сурады каарманыбыз.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Нарынбек Акматов:
9417 5599 4470 1807 – РСК банк
Байланыш номери: 0503 590 904
Кененирээк төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрүңүз.