Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Орусиянын “Достук” ордени менен сыйланды. Жарлыкка президент Владимир Путин кол койгон.
Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, сыйлыкты Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук тапшырган.
"Достук" ордени Акылбек Жапаровго эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды", - деп жазылат маалыматта.