Эрдоган Крымды Украинага кайтаруу зарылдыгын билдирди

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Крым платформасынын лидерлеринин 4-саммитиндеги видео кайрылуусунда Украинанын аймактык бүтүндүгү тезисин колдой турганын жана Крымдын Украинага кайтарылышын жактаарын билдирди. Бул тууралуу TRT Haber телеканалы билдирди.

"Украинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин жана көз карандысыздыгын колдообуз өзгөрүүсүз бойдон калат. Крымдын Украинага кайтарылышы эл аралык укуктун талабы. Крымдын түпкү элдеринин бири болгон крым-татар-түрк мекендештерибиздин коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыз кылууда тышкы саясатыбыздын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат”, - деди түрк лидери.

Эрдоган сөзүнүн аягында Украинадагы жаңжал “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, эгемендигине жана көз карандысыздыгына негизделген адилеттүүлүк жана туруктуулук менен аяктайт" деген үмүтүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан