Көчөдө эркек киши аялды сабап жаткан видео социалдык тармактарда тарады.
Анда көчөдө түн ортосунда эркек киши аялды жаман сөздөр менен сөгүп, желкеге муштап, чачтан кармап жерге жыгып, андан соң тизе менен бетке тээп жатканын көрүүгө болот.
Жалал-Абад облустук милициясы окуя 25-августта болгонун, учурда видеодогу адамдар изделип жатканын билдирди.