Биз социалдык тармакта

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкек мэриясы "Контррезервуар" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөрдө ичүүчү суу убактылуу токтотуларын билдирди.

Маалым болгондой, 17-сентябрда Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасына таза суу берүү саат 9:00дөн 19:00гө чейин токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:

- Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы.

Ошондой эле Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан