Бишкектин кайгуул милициясы калаада окуучулардын, студенттердин окуу графиги өзгөргөндөн кийин жолдогу абал боюнча комментарий берди.
Маалыматка ылайык, борбордо 121 мектепте 228 миң 9 бала окуйт. Анын ичинен 90 599 бала микроучастоктон тышкары билим алышат, 7842 бала Чүй облусунун жакын райондорунан шаарга келип окушат.
Борбордун аймагында 129 кесиптик билим берүү уюму (36 жогорку, 77 орто кесиптик окуу жайы жана 16 кесиптик лицей) жайгашкан, аларда 167 727 студент окуйт.
Учурда 44 мектеп эртең мененки саат 7:30дан баштап окутууга которулган. ЖОЖдордун негизги бөлүгү эртең мененки саат 10:00дөн баштап окууга өтүштү.
"Мектеп окуучуларынын кеминде 40 пайызы (болжол менен 80 миң окуучу) эртең мененки саат 6:30дан таңкы 7:00гө чейин окууга кетишет. Калган 60 пайызы 07:00дөн 7:30га чейин мектепке камына башташат. Бул өз кезегинде көчө-жол тармагына күч келтирген жеке унаа (балдарын мектепке алып бара жаткан ата-энелер) жана коомдук транспорттогу жүктөмдү бирдей бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берди.
ЖОЖдордун студенттерин эртең мененки саат 10:00дөн баштап окутууну киргизүү коомдук транспорттогу жүргүнчү агымын азайтууга мүмкүндүк берди. Анткени студенттердин көбү эртең мененки саат 9:00дөн баштап окуу жайына бара башташты", - деп жазылат анда.
Эске салсак, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар окуу графигине нааразы болуп, маселени кайра карап чыгуу керектигин айтышкан.