54 жаштагы Кытайдын жараны өз жанын кыяр алдында "тиги дүйнөдө чогуу шахмат ойнойбуз" деп кошунасын өлтүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Цзиньхуа шаарында болгон. Маркум батирде турчу. Батирдин ээси ижаранын акысын алуу үчүн келгенде адамдын өлүгүн байкап, дароо полицияны чакырат. Полиция кызматкерлери маркумдун муунтулуп өлтүрүлгөнүн аныктаган. Ошол эле учурда батирдин дагы бир бөлмөсүнөн жансыз дене табылган. Анын жанынан өлөр алдында жазган каты жана дары-дармектердин калдыктары табылган.
Катта үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам өзү-өзүн өлтүргөндүгү, акыретте жалгыз болбой, кошунасы менен шахмат ойноо үчүн аны муунтканы жазылган.