Орусияга баңгизат жиберип жүргөн тажик жараны Кыргызстандан кармалды (видео)

Баткен облусунун Кара-Бак айыл аймагынын Тажикстан менен чектешкен жериндеги май куюучу жайдын короосунан 9 даана таңгакталган зат табылып алынган.
ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, алынган брикеттер “Гашиш” баңгизаты экендиги аныкталып, жалпы салмагы 9 киллограмм 120 граммды түзгөн.
Министрликтин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери баңгизаттар Тажикстанда туулган, учурда Чүй облусунда жашаган 1976-жылы туулган Х.Дж. аттуу жаранга таандык экендигин аныкташкан. Бул жаран баңги кылмыштарын жасап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда экендиги такталган.
Учурда тергөө иштери жүрүп, кармалган жаран №21 мекемесинде камакта экендиги кошумчаланды.
Баткенде ири өлчөмдөгү баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-09-13 06:05:00
Бул тажик жараны Кыргызстанда б.к жеп жүрөбү? бизге такыр келишпесин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан