Ош-Раззаков унаа жолундагы көпүрөнү бузуп жаткан жумушчу кырсыктап, каза тапты

Ош-Раззаков унаа жолунда иштеген жумушчуну бетон плита басып, каза тапты. Бул маалыматты бүгүн, 12-сентябрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин маалымат кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 12-сентябрда Ноокат РИИБине аталган унаа жолунун эски көпүрөсүн бузуу иштери жүргүзүлүп жаткан учурда 54 жаштагы жумушчуну бетон плитанын бир бөлүгү басып, каза болгону маалымдалган.

"Каза болгон жаран Зулпуев айыл аймагынын 1970-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну экени такталган. Ал бетон плитаны өзү кесип жатканда учурда кырсыктаган. Факт каттоого алынып, соттук-медициналык эспертизалар дайындалган. Учурда тергөөгө чейинки иштер уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан