Өз баласын аялына өчөшүп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, урушкан ата Алайдан кармалды. Бул туурасында Ош ОИИБинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымдалгандай, окуя боюнча Алай райондук милициясы учурда тергөө иштерин жүргүзүп, аталган райондун 1985-жылы туулган И.Т. аттуу тургунун кармаган.
"Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат",-деп белгиленген маалыматта.
Айта кетсек, социалдык баракчалардан кичинекей наристени атасы уктатпай, сөгүп, видеого тартып алган тасма желдей тарап, коомчулуктун кыжырын кайнатты. Тасмада баланы атасы караңгыда эшикке кууп чыкканын да көрүүгө болот.
Социалдык баракчалардын колдонуучуларынын бири тасманы өз баракчасына жүктөп бала менен энеге жардам берүү керектигин, алардын укугун коргоо зарылдыгын жазып, билдирүү калтырган.
Анын айтымында, баланын апасы банктан алынган насыяларды төлөө үчүн Москва шаарында мигрант болуп иштеп келет. Ал эми баланын атасы аялына өчөшүп, наристени уруп, тартып алган видеолорун ага жиберип турат. Бул жагдайды облус милициясы да тастыктады.