19-сентябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Суунун өчүүсүнүн себеби “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы “Аэропорт” суу алгычында оңдоо иштерин жүргүзөт.
Ага ылайык, 19-сентябрда шаардын белгилүү бир бөлүгүндө саат 10:00дөн 15:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.
Төмөнкү даректерде суу убактылуу өчүрүлөт:
- Ч.Айтматов проспектиси, 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6;
- Токтоналиев көчөсү, 139/3, 153, 153/3, 155, 157;
- Т.Океев көчөсү, 39/3, 39/4, 39/6, 39/7, 39/8.