Индияда жыланды оозуна салып видео тарткан жигит каза болду

Индиянын Телангани штатынын 20 жаштагы тургуну жыланды оозуна салып видео тарткан соң каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка караганда, 20 жаштагы Шавиража атасы менен уулу жыландарды кармашчу. Жыландарды кармоо учурунда атасы уулуна кобраны оозуна салып видео тартууну сунуштаган. Мындай видео менен алар социалдык тармактарда популярдуу болууну көздөшкөн.

Шавиража атасынын идеясын колдоп, эки жолу тирүү жыланды оозуна салып видеого түшкөн. Бирок видео тартылгандан кийин, жылан баланын оозун чагып алган. Бала ошол жерден каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан