Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси Газадагы согушта ачарчылыкты курал катары колдонууну айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Египеттин президенти немис кесиптеши менен биргелешкен конференцияда сүйлөп, анда Европаны Газадагы согушту токтотууда активдүү роль ойноого чакырды.
"Ачкачылык палестиналыктарга каршы курал катары колдонулуп жатат жана бул адам укуктарынын ишенимдүүлүгүнө жана баалуулуктарына чоң таасирин тийгизген өтө олуттуу маселе. Адам укуктарынын ачыктан-ачык бузулушу биздин көз алдыбызда болуп жатат жана биз буга каршы эч нерсе кыла албайбыз", - деген ал.
Газанын 2,3 миллион калкынын көбү ачарчылыктан жапа чегүүдө. Израилдин 11 айдагы баскынчылыгында 41 миңден ашуун палестиналык курман болду.