Баткенде чек арадан акча каражатын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-сентябрда Кара-Бак айлынын 44 жаштагы М.А. аттуу тургуну коңшу мамлекеттен акча алып өтүп бараткан жеринен кармалды.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө алынган акчанын жалпы суммасы 1 миллион 810 миң рубль экендиги такталды.