"Эң жакын адамдарым менен белгилейм". Асел Турдалиева 55 жашка толду

Бүгүн, 13-сентябрь Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиеванын туулган күнү. Ал бул жылы 55 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы айымдын туулган күнүн куттуктап байланышка чыкты.

"Туулган күндүк маанай эң сонун. Куттуктоолор кечээ эле башталган, бүгүн келе албай тургандар кечээ келишкен. Ал эми түндө кызым, күйөө балам, курбум болуп саат 12де куттуктап келишти. Азыр дагы куттуктоолор болуп жатат. Көчөдөн дагы куттуктап гүл бергендер болду. Ал эми кечинде эң жакын адамдарым менен отуруп белгилейм.

Мен туулган күнүмдү аябай жакшы көрөм. Бул күнү Кудайым, ата-энем мага жашоо берген күн да. Кичинекей кезиңден бери туулган күнүңдө ар кандай белектер, көңүл буруу, куттуктоолор болот эмеспи. Мен үчүн өзгөчө күн", - деди Асел Турдалиева.

Ошондой эле ырчынын эң эсинде калган туулган күнүн сураганыбызда, гостролдоп жүргөн кезиндеги туулган күнүн эске салды.

"90-жылдары менин жаңы ырдап баштаган кезим. Туулган күнүмдө гостролдо элек, Хайдаркенде жолдо жүрүп тосконбуз. Анан Миродор Сманович "бүгүн туулган күнүң экен, дүкөндөн каалаган нерсеңди ал, акча чогултуп берели" деп калды. Өзүбүз Хайдаркенде болсок, бул жактан эмне алмак элем деп койгом. Ал жакта кичинекей кийим саткан дүкөн бар экен, ичинде жалаң сапаттуу кийимдер. Ошол жерден өзүмө бут кийим алгам. Ал кезде андай бут кийимди чет элдик ырчылардан көрүп калчу элем, аябай алгым келип жүргөн. Ошол бут кийимди алганда аябай бактылуу болгом. Аны концерттерде кийип жүрдүм, баары суктанып калчу эле, 15 жылдай кийдим окшойт. Кийин ырымдап бирөөгө берип койгом. Эң эсимде калган туулган күн ошол болуптур, аябай алгым келген нерсени алганым үчүн эсте калса керек", - деп эсинде калган туулган күнү менен бөлүштү.

Асел Турдалиева 1969-жылы Фрунзе шаарында төрөлүп, 6 айлыгынан баштап Нарын облусунда чоң энесинин колунда өскөн. 8-классты аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырган. Ташкенттеги театр искусство институтун бүтүрүп келип 1992-жылы Куурчак театрында актриса болуп иштеген.

Алгач сахнага "Жаз жамгыры" ыры менен чыккан. 1994-жылы Бек Борбиевдин "Бек" аталышындагы тобунда ырдап, 1995-1996-жылдары өзү "Асел Азия стайл" тобун түзүп, жалгыз иштей баштаган. 2000-жылдан баштап Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим болуп иштеп, 2015-жылы кафедранын доценти, сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы болгон.
Асел Турдалиева 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасын, 2009-жылы Эмгек сиңирген артисти, 2012-жылы Маданияттын мыкты кызматкери наамдарынын ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан